Жаңылыктар

05.12.2024 15:46

   Кароолор: 329

БАТКЕН: АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АТАЙЫН ЖАНА КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫ БААЛАНДЫ

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери, Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын аскер куткаруучулары быйылкы окуу жылынын жыйынтыгын чыгарууга чогулду. Өздүк курам кесиптик жана дене тарбиялык жактан даярдыгын көрсөтүп, аралыкка чуркоо, жерден түртүлүү (отжимание), турникке тартынуу, издөө-куткаруу иштеринде керектелчү куткаруу шаймандарын, радиациялык жана химиялык уулуу заттардан коргонуу каражатын убакытка кийишти.

Мындан сырткары, саптык даярдык жана кесиптик билим деңгээлин баалоо үчүн тестирлөөдөн өтүштү.

Өздүк курам 2024-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен биргеликте, куткаруучулук кесип физикалык мыкты даярдыкты, кесипкөйлүктү талап кыларын тастыктап, буга чейинки алган билим-тажрыйбасын бышыктай алды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу