Жаңылыктар
15.06.2024 15:21
Кароолор: 304
БАТКЕН: АРЫБАҢЫЗ, АРДАГЕР АТА
15-июнь - өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын кесиптик майрамынын 98 жылдыгына карата
Дээрлик 1 кылымга тете убакытта өрт өчүрүү кызматында кандай гана инсандар кызмат өтөбөдү. Алар салган алгачкы эмгек чыйырында бүгүн ӨКМдин жаш, жигердүү аскер кызматкерлери Мекенге ак кызмат өтөп,
жалындан жалтанбаган кайрат, майтарылбас эрк жана күжүрмөн даярдык менен кызмат өтөп жатышат.
Жаштарга бүгүн үлгү болуп, аталык насаатын айтып, тажрыйбасы менен бөлүшүп турган ӨКМдин ардагери, подполковник Исраил Абдиназаров. Ал учурда Лейлек районунун Раззаков шаарында жашап, уул-кыздан тараган неберелердин, ошол эле учурда келечек муундун сыймыктуу чоң атасына айланды.
Кадырман курактагы каарманыбыз жаш курагы 60тан ашса да чыйрак, демилгелүү, уюштургуч сапаттары менен кайрымдуулук иштери менен алектенип, футбол командасында "Мыкты оюнчу" катары азыр да спорттук мыкты көрсөткүчтөргө жетишип келет.
Бош болгон учурда өзү жетектеп эмгектип кеткен Лейлек району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө келип, өрт-өчүрүүчү куткаруучулардан кабар алып турат.
Эмесе, каарманыбыздын эмгек жолу, турмуштук асыл ойлору, аруу максаттары тууралуу өз оозунан угалы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР