Жаңылыктар
19.12.2024 16:35
Кароолор: 389
БАТКЕН: АРДАГЕР КУТКАРУУЧУ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА ЧЫКТЫ
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы үчүн бүгүн өзгөчө күн болду. Анткени техник-айдоочу, улук прапорщик Манас Абдуллаев ардактуу эс алууга чыкты. Ар кандай оор кырдаалдарда мекен алдына берген антына туруп, ак кызматын арнаган өрт өчүрүүчү-куткаруучуну узатып жатып, башкармалыктын башчысы подполковник Таалайбек Айткулов ыраазычылык билдирүү менен бирге алдыда дагы ийгиликтерди каалады.
Ал эми шаар аймагында өрттүн алдын алууда, тилсиз жоого күрөшүүдө кошкон салымы үчүн шаардык мэриянын юбилейлик медалын тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР