Жаңылыктар

11.06.2024 15:56

   Кароолор: 249

БАТКЕН: АПТАПТАН САКТАНУУДА СУУ КООПСУЗДУГУН ЭСКЕ АЛАЛЫ

Жайкы аптапта жарандар көп учурда эс алууну табият койнунда же суу объекттеринде өткөрүшөт. Мындай ысык аба ырайында убакытты туура тандоо, коопсуздук эрежелерин эске алуу ар бир жаран үчүн маанилүү. Айрыкча күн ысыган чак түштө көлөкө жерде болуу, ал эми сууга түшүүдө сунушталбаган же тыюу салынган жерлерде эскертүү белгилерине көңүл бөлүү шарт.

Мындай маанидеги түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери суу объекттеринде болууда. Бүгүнкү иш-чара Раззаков шаарындагы “Самат” бассейнинде уюштурулуп, жай мезгилиндеги өрт жана суу коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу