Жаңылыктар
04.06.2024 19:07
Кароолор: 378
БАТКЕН: АЛЫШ АЙЫЛЫНДА 31 ТУРАК ҮЙ ЖАНА 3 ЧАКЫРЫМ ИЧКИ ЧАРБАЛЫК ЖОЛ СЕЛДЕН КОРГОЛУП ЖАТАТ
ӨКМдин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчеминин негизинде быйылкы жылы Кадамжай районунун аймагында да селден коргоо чаралары колго алынып, учурда Алыш айылында жумуш жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата Кең-Сай сел өткөрүүчү сайында 700 метрде механикалык тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.
Кооптуулукту жоюу үчүн ӨКМден экскаватор тартылып, жыйынтыгында 13 турак үй менен кошо 3 чакырым ички чарбалык жол селден корголду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР