Жаңылыктар
30.05.2024 17:40
Кароолор: 521
БАТКЕН: “АЛТЫН-БАЛАЛЫКТА” ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 30-май күнү Баткендеги ӨКМ кызматкерлери калк арасында өрттүн алдын алуу жана бул багытта түшүндүрүү иштерин бардык тармакта жүргүздү. Лейлек районунун Ак-Суу, Жаңы-Жер айыл аймагында, Баткен, Кадамжай райондорунда мекеме-ишканаларда, дүкөндөрдө болушту.
Кызыл-Кыя шаарында Стаханов, Жал, Пролетар көчөлөрүнүн жашоочууларына өздүк курам тарабынан өрт коопсуздук эрежелерин туура сактоо боюнча сунуш кагаздар таратылып, турак үйдү өрттөн жана табыгый кырсыктан камсыздандыруу, ал эми "Алтын-Балалык" балдар бакчасында өрт учурунда кызматкерлердин аракети боюнча өрт-тактикалык сабак өткөрүлдү.
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №26 өрткө каршы күрөшүү куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери шаар тургундары менен жолугушуп, отко этият мамиле кылуу, электр приборлорун пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча маалымат берип, үгүт-насаат иштерин жүргүздү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР