Жаңылыктар
22.11.2024 13:37
Кароолор: 318
БАТКЕН: АЛДЫҢКЫ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ
Быйыл Баткен шаары өзүнүн 25 жашын белгилеп, бул датанын урматына шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн алдыңкы кызматкерлерин да юбилейлик төш белгиси менен сыйлады. Шаар аймагында өрт коопсуздугунун алдын алууда, профилактика иштерин жүргүзүүдө жана ар кандай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюуда кошкон салымы үчүн кесипкөй өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын орду чоң.
Шаар жетекчилигинин сыйлыгын башкармалыктын башчысы подполковник Т.Айткулов тапшырып, сыйлык ээлерине жана өздүк курамга бекем ден соолук, күжүрмөн даярдык жана кесипкөйлүк менен жоопкерчиликти, жаңы ийгиликтерди каалады.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР