Жаңылыктар

19.05.2024 10:13

   Кароолор: 405

БАТКЕН: АК-СУУДАГЫ ТАЗА СУУ ЛИНИЯСЫН РЕМОНТТОО ИШТЕРИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА

Быйылкы жаз мезгилиндеги жаан-чачындан улам Лейлек районунун аймагында да сел суулары келип, ички чарбалык жолдорго, электр жана таза суу линиясына да зыян келтирген. Алсак, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында да апрель-май айларындагы жаандын кесепетинен Жеңиш, Суу-Башы, Алга, Жезкен жана Ак-Суу айылдарын камсыз кылган таза суу түтүктөрүнүн экинчи линиясынын айрым жерлери үзгүлтүккө учураган.

Аталган 5 айыл убактылуу биринчи линия аркылуу толук таза суу менен камсыз болуп, экинчи линиясында ремонт иштери жүрүп жатат. Жумуштун соңку этабы менен ӨК министринин орун басары, полковник У. Шамырканов да таанышып, Жарандык коргонуу кызматтарынын жумушун көрүп чыкты. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу даярдыкта туруу жана тиешелүү жумуштарды, кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасын койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу