Жаңылыктар
13.05.2024 09:39
Кароолор: 185
БАТКЕН: АК-СУУДА СЕЛДЕН КИЙИНКИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИНЕ 3 ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 13-май күнү Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы сел кесепеттерин жоюу иштерине КР ӨКМден самосвал, айыл өкмөттөн жүктөгүч жана самосвал, жалпы 3 техника тартылды.
Эске салсак, 2024-жылдын 10-май күнү саат 18:00 чамасында жааган жамгырдан улам Лейлек районунун Раззаков шаары, Сумбула, Ак-Суу, Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары негизинен сай ичинде жүрүп, Раззаков – ички чарбалык жолдордун айрым жерлерине кум шагыл түшкөн. №13 Жол тейлөө ишканасынан тартылган жүктөгүчтүн жардамы менен унаа жолун калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.
Лейлек району боюнча сел суулары келген 10-май күнү ӨКМден жалпы 10 куткаруучу, 1 мотопомпо жана мэриядан грейдер тартылган.
Ал эми Сүлүктү шаарындагы Макаевка көчөсү аркылуу өткөн сел өтүүчү сайдан сел суулары агып, жеринде №52 ӨКБдан 11 куткаруучу, №1 ӨМТККВнан 11 куткаруучу абалды көзөмөлдөп турган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР