Жаңылыктар

29.04.2024 18:15

   Кароолор: 98

БАТКЕН: АК-СУУ КАНАЛЫ КУРУЛСА, 100гө ЖАКЫН ГЕКТАР ЖЕР ӨЗДӨШТҮРҮЛӨТ

ӨК министри, генерал-майор Б.Ажикеев андан аркы иш сапарында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу каналынын курулушу менен таанышты. 2500 метр узундуктагы аталган каналдын курулушу бүткөрүлсө, Жеңиш, Ак-Суу айылдары жана эгин аянттары сел коркунучунан корголот. Мындан сырткары, кошумча 95 гектар жер аянты өздөштүрүлмөкчү. Учурда бул долбоордун курулуш иштеринин алгачкы этабы башталып, техникалар иштеп жатат.

Ал эми Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө болгон жолугушууда министр авариялык абалда турган имаратты көрүп чыгып, шаар мэри Болот Жапаровго имаратты куруу демилгесин көтөрүү жана башка тапшырмаларды аткаруу боюнча сунуштарды берди.

Андан аркы жолугушуу Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы взводунда болуп, куткаруучулардын иштөө шарты жана техникалык каражаттары менен таанышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу