Жаңылыктар

16.01.2025 10:35

   Кароолор: 821

БАТКЕН: АК-СУУ ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭГИН БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ 90 ПАЙЫЗГА АТКАРЫЛДЫ

КР ӨКМдин Баткен Көчмө механизацилаштырылган отряды тарабынан быйыл Лейлек районунун аймагындагы объекттерде да жумуш уланууда. Атап айтканда, Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги жер аянтын коргоо үчүн тосмо орнотуу менен катар эле дарыя жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө дарыянын оң жээгинде 1217 метр, сол тарабында 883 метр аралыкта жумуш көлөмү аткарылды. Негизинен 1 тосмо жана 2 шакекче курулуп, азыркы тапта суу бөлүштүгүчтүн курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Ак-Суу дарыясынын эки жээгин бекемдөө жана коргоочу тосмо каналын курууда кырлуу таштар орнотулууда. Аталган аймактагы жумуш бүткөрүлсө, Ак-Суу айыл аймагынын Жар-Кыштак, Алга жана Ак-Суу айылдарындагы 100 гектардан ашуун жер аянты коргоого алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу