Жаңылыктар
21.01.2025 13:17
Кароолор: 368
БАТКЕН: АК-САЙДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КЫЗМАТ ӨТӨӨСҮНӨ ТҮЗҮЛГӨН ШАРТ ЖАКШЫРУУДА
Баткен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Ак-Сай айыл аймагындагы бөлүмү жаңы жылга жаңылануулар менен кирди. Атап айтканда, аймакта Ак-Сай, Көк-Таш, Капчыгай, Миң-Өрүк жана Миң-Булак айылдарын тейлөөгө алган №106 өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын кызмат өтөөсүнө түзүлгөн шарт жакшырууда.
Башкармалыктын башчысы подполковник Т.Айткуловдун жетекчилиги менен имараттын короосун иретке келтирүү жана тегиздөө, көмүркана куруу, өрт өчүрүүчү унаалар турган БОКСтун дарбазасынын айнектерин алмаштыруу, ошондой эле куткаруучулардын күжүрмөн кийим жана суу жеңчелерин кургатуу үчүн шарт түзүлүп, кир жуучу машина алынып берилди.
Ал эми жергиликтүү бийликтин колдоосу менен унаа жуучу жана өрт өчүрүү учурунда керек болгон ствол, суу жеңчеси, мотопомпа, дрон, ал эми кырсык катталган учурда электр энергиясынан көз карандысыз жарыктандыруу мунарасы алынып берилди. Мындай колдоону четте курбастан, өздүк курам жеке каржылык салым кошуп, ашканага керектүү эмерек жана буюм-тайымдарын алышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР