Жаңылыктар

25.12.2023 15:54

   Кароолор: 519

БАТКЕН: АК-САЙ-КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДАРЫН БАЙЛАНЫШТЫРГАН 60 МЕТР УЗУНДУКТАГЫ ЖӨӨ ӨТҮҮЧҮ КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТООДО

Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын байланыштырган жөө өтүүчү көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Аталган көпүрөнүн курулуш иштери КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти тарабынан колго алынган.

Ак-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 60 метр узундукта. “Куткурулуш” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашып жаткан көпүрөнүн пайдаланууга берилүүсү мектеп окуучулары үчүн убакытты үнөмдөөгө шарт түзүлөт. Анткени буга чейин Капчыгай айылынын окуучулары Б.Ходжаев атындагы орто мектепке келүү үчүн 3 чакырым жолду басып өтүүгө аргасыз болсо, эми жол эки эсе кыскарды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу