Жаңылыктар
30.01.2025 10:37
Кароолор: 580
БАТКЕН: АЙМАКТАРДА 5 КӨМҮР КАМПАСЫ КУРУЛДУ
Күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү жана өздүк курамга түзүлгөн шартты жакшыртуу аракети алыскы өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүндө да ишке ашууда. Жылытуу системасын үзгүлтүксүз камсыздоодо көмүр кампаларын куруу зарыл болгондуктан, Башкармалыктын башчысы подполковник Т.Айткуловдун жетекчилиги астында 5 бөлүктө көмүр сактоочу кампанын курулушу бүткөрүлдү.
Атап айтканда, облус борборунан алыс турган Максат, Достук, Үч-Коргон, Ак-Сай жана Самаркандек айылдарындагы өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүндө курулуп, материалдык баалуулуктар башкармалык тарабынан камсыздалды. Ал эми курулуш иштери өздүк курамдын күчү менен жасалды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР