Жаңылыктар

31.10.2023 16:49

   Кароолор: 806

БАТКЕН: АЙДООЧУЛАРГА ЖОЛ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ӨКМ кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Айрыкча, алыс жолго чыгууда айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жол коопсуздугу өтө маанилүү.

Андыктан, офицерлер Баткен облусунун борбордук жана Кызыл-Кыя, Кадамжай, Лейлек жана Сүлүктү автобекеттеринде унааны кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу, узак жолго чыгууда зарыл делген дары-дармек, тамак-аш азыктарын жана дөңгөлөк чынжырчасын ала жүрүүнү эскертип жатышат.

Кокустук катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышка чыгууну сунуштайбыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу