Жаңылыктар
26.09.2024 14:10
Кароолор: 170
БАТКЕН: "ЖОЛ БЕР" АТАЛЫШЫНДА РЕЙД УЮШТУРУЛДУ
КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаары боюнча бөлүмүнүн куткаруучулары өрт өчүрүүчү автоунаасында шаардын борбордук көчөлөрүндө рейдге чыкты. Негизги делген Жусубалиев, Кулатов көчөлөрүндө ШИИБнын МАИ кызматкерлери менен биргеликте айдоочуларга өрт өчүрүүчү автоунаага жол берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чара кырсыктардын тобокелдигин алдын алуу, адам өмүрүн сактап калуу, айдоочулардын аң сезимин өзгөртүү багытында аткарылып жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР