Жаңылыктар

03.05.2024 09:47

   Кароолор: 148

БАТКЕН: "БИЗДИН КААРМАН: АБДИАШИМ МУСАЕВ: “ЭМГЕГИБИЗ ЭЛГЕ, КЫЗМАТЫБЫЗ КАЛК КАМЫЛГАСЫНА!”

Абдиашим Мусаев – ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси. Бул кызматта 20 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенет. Ал тажрыйбасы, кеңеши менен башкаларга үлгү. Эмгек жамаатында кичи пейил, адамгерчилик бийик сапаттары менен кадыр-баркка ээ. Баш каарманыбыз өз оюн ортого салып, кеңири маек курду.

Абдиашим мырза Баткен районунун Бужум айылынан. Көп бир туугандын арасында чоңоюп, тестиер курактан эмгекке, жөнөкөйлүккө каныгып, улууга урмат – кичүүгө ызаат көрсөтө билет.

Орто билимге ээ болгон улан колхоздо эмгектенип калат. Кичинесинен аскер адамы болуу анын көксөөсү эле. Бул кыялы орундалгандай Россиянын Горький облусунда аскердик кызмат өтөөгө чакырылат. Болгондо да Россия... Өзүнүн зиректиги менен СССРдин Ички аскер бөлүгүндө взвод командирине чейин жеткен.

Ал 2 жылдан соң өз мекенине кайтып, Бишкекте “Кыргызавтомаш” заводуна жумушка орношот. Аскердик турмушта такшалып, машинанын радиатору чыккан заводдо жоопкерчилик менен иштеп, кесиптештеринин арасында жогорку сый, бийик кадыр-баркка ээ болот.

Жаштын тилегин берет демекчи, тагдырдын буйругу менен Ички иштер министрлигинин күзөт бөлүмүндө иштеп калат. Ал жылдары Өкмөт үйүндө, резиденцияда, дегеле стратегиялык мекемелерде күзөтчү болуп дээрлик 3 жыл эмгектенет.

“Кезинде А.Масалиев Кыргызстандын 1-катчысы эле. Биздин көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин коопсуздугун камсыздоо милдетибиз болчу”, - дейт Абдиашим мырза. Ал арада Политехникалык институттун Автомобиль жана автомобиль чарбасы факультетине тапшырат. Ошентип 2001-жылдын май айында Жарандык коргонуу штабында эмгек жолун улантат. Андан бери ӨКМдин ишин илгерилетүүгө, Жарандык коргонуу тармагындагы тажрыйбасын кесипкөйлүк менен ишке ашырууга далалат жасайт. Ал КР Премьер-министринин Алкыш, КР ӨКМдин "Өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга катышкандыгы үчүн" төш белгиси жана "Эмгек сиңиргендиги үчүн" медалы менен сыйланган.

Келинчеги Марзия Сыдыкова акушер, ал эми улуу баласы Нурбек бажы кызматы боюнча билим алса, кичүү уулу Эржан Түркияда кардиолог болуп эмгектенет. “Убакыт – улуу мугалим” демекчи, мезгил өтүп, чачты буурул басып, жаш курак өйдөлөгөн сайын бардык нерсеге акылгөйлүк менен саресеп салган кадырман куракка келди. Эми мынтип өзү сүйгөн кесиптин арты менен тажрыйбалуу, насаатчы кесиптеш, кесипкөй адис катары бийик кадыр-баркка жетип олтурат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу