Жаңылыктар

27.10.2023 10:42

   Кароолор: 548

БАТКЕН: "АЛА-ТОО" ТОЙКАНАСЫНДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТЕКШЕРИЛДИ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генарал-майор Б. Ажикеевдин протоколдук тапшырмасына ылайык, эл көп чогулган, айрыкча той-маарекелер учурунда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, бул багытта түшүндүрүү иштери жана машыгуулар өткөрүлүүдө.

Атап айтканда, Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Самаркандек айылындагы №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгү тарабынан Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы Ала-Тоо тойканасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуу учурунда тойкананын өрт коопсуздук эрежелери тыкыр текшерилип, тез жардам жана коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, шаан-шөкөт менен коштолгон кечелерди өткөрүүдө уулуу заттарды бөлүп чыгара турган жана тез күйүүчү жасалгалоо каражаттарын пайдаланууга мүмкүн эместигин ӨКМ офицерлери эскертүү менен бирге, жылытуу приборлорун туура колдонуу, өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу