Жаңылыктар
10.05.2024 12:20
Кароолор: 178
БАТКЕН: 8 КОМАНДА КАТЫШКАН МЕЛДЕШТЕ АЙДАРКЕНДИК ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ КУТКАРУУЧУЛАР 1-ОРУНДУ КАМСЫЗДАДЫ
Жеңиш күнүнүн урматына жана мекеме-ишканалар арасында ынтымак-биримдикти бекемдөө максатында Айдаркен шаарында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Мелдешке шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен куралган жалпы 8 команда ат салышты.
Оюн талаасында күч сынашкан командалар арасында КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кадамжай райондук бөлүмүнүн Айдаркен шаарында жайгашкан №77 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн аскер кызматкерлери мыкты даярдыгын көрсөтүп, 1-орунду камсыздай алды. Мелдеш соңунда шаар мэриясы тарабынан диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР