Жаңылыктар
02.01.2024 15:45
Кароолор: 574
БАТКЕН: 4 КАБАТТУУ ИМАРАТТАН ӨЗҮН ТАШТООГО АРАКЕТ ЖАСАГАН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ
Бүгүн, 2-январь күнү саат 14:52де Кызыл-Кыя шаарында 4 кабаттуу имараттын чатырында бир жаран өз өмүрүнө зыян келтирүү аракетин көрүп жаткандыгы тууралуу 101 кызматына маалымат түшкөн. Жерине саат 14:54тө №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу чыгышкан.
Саат 14:59да куткаруучулар аталган дарек боюнча барган учурда, 1995-ж.т. Т.Б уулу аттуу шаар тургуну экендиги аныкталып, сүйлөшүүлөрдөн кийин куткарылган жаран 102 жана 103 кызматтарына тапшырылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР