Жаңылыктар
05.12.2023 12:01
Кароолор: 612
БАТКЕН: 30 ГЕКТАР АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕР АЯНТЫ ЖАНА 23 ТУРАК ҮЙДҮ СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГООГО АЛЫНДЫ
КР ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу мерчеминин негизинде Кадамжай районунун аймагында да быйылкы жылга карата бекитилген объекттерде жумуш уланууда. Атап айтканда, Халмион айыл өкмөтүнүн Эргенек участкасында габион торчолору орнотулуп, толугу менен бүткөрүлдү.
Жалпысынан 150 даана габион торчо орнотулуп, аталган участкада 23 турак үйдөн сырткары 30 гектар айыл чарба жер аянты жана 100 метр ички чарбалык жол сел коркунучунан коргоого алынды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР