Жаңылыктар
25.06.2024 10:58
Кароолор: 231
БАТКЕН: 1000ге ЖАКЫН ЖАРАН КООПСУЗ ЖАЙГА ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ
Бүгүн Баткендин Кадам-Жай районунун сел каптаган айылдарында ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Т.Айткулов координациялык иштерди алып барууда.
Ошондой эле ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМдин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси жеринде иштеп жатат.
Ал эми кесепеттерин жоюуга кошумча күч катары Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 7, Баткен шаарындагы №26 ӨККБнөн 2 куткаруучу жана мотопомпа, ошондой эле Жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч, манипульятор жеке менчик 2 экскаватор, жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында Кадамжай райондук жалпы даарыгерлер борборунун айыл аймактык 103 кызматынан 3 техника тартылды.
Белгилей кетсек, Кадамжай районунун Жеңиш айылында болжол менен 1000ге жакын жергиликтүү жашоочу, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт тилкесинде 7 үй-бүлө (жалпы 27 жаран) коопсуз жайга көчүрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР