Жаңылыктар

25.06.2024 09:16

   Кароолор: 410

БАТКЕН: 1000ге ЖАКЫН ЖАРАН КООПСУЗ ЖАЙГА ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Кечээ, 24-июнь күнү саат 17:00 чамасында Кадамжай районунун аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан айыл аймактарында сел келип, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Т.Сатылганов атындагы орто мектептин короосуна сел суулары кирген.

ӨКМ куткаруучулары тарабынан сел суулары кирген турак жайдан 3 жашы жете элек балдар жана 2 жаран аман-эсен куткарылып, Кадамжай району боюнча жалпысынан 38 куткаруучу тартылган.

Жеринде КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Т.Айткулов координациялык иштерди алып барып, кошумча күч катары Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 7, Баткен шаарындагы №26 ӨККБнөн 2 куткаруучу жана мотопомпо, ошондой эле Жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч, монипульятор жеке менчик 2 экскаватор, жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында Кадамжай райондук жалпы даарыгерлер борборунун айыл аймактык 103 кызматынан 3 техника тартылды.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында болжол менен 1000ге жакын жергиликтүү жашоочу, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт тилкесинде 7 үй-бүлө (жалпы 27 жаран) коопсуз жайга көчүрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу