Жаңылыктар
30.03.2024 09:57
Кароолор: 302
БАТКЕН: 100 ТҮП ЭМЕН КӨЧӨТҮ ОТУРГУЗУЛДУ
Республика боюнча уюштурулуп жаткан ишембиликке ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өздүк курамы да активдүү катышты.
КРнын Министрлер Кабинетинин "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын жана "Бир мекеме - 100 көчөт" демилгесинин алкагында көчөт отургузуу акциясы өткөрүлдү.
Бүгүнкү ишембиликтин алкагында Баткен шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө 100 түп эмен көчөтүн отургузууга башкармалыктын, Баткен шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Мындан сырткары, түзүмдүк бөлүмдөрдө имараттын айланасын иреттөө, тазалоо иштери аткарылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР