Жаңылыктар

15.06.2024 10:17

   Кароолор: 276

БАШ КААРМАН - БРИГАДИР-АЙДООЧУ ЭРКИН ТОКТОСУНОВ

Бул жолку каарманыбыз - ӨКМдин Жалал-Абад башкармалыгына караштуу №54 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн айдоочусу Эркин Токтосунов.

Ал эмгек чыйырында өрт өчүрүүчү унаалардын бардык үлгүлөрүн башкарган. Жөнөкөй тил менен айтканда адистештирилген, өрт өчүрүүчү унаалардын капитаны десек да жаңылышпайбыз.

Бул тармактын коён жатагына чейин билген баш каарман айдоочулуктун күнгөй-тескейин кеңири баяндады. Өмүрү бычактын мизинде турган өрт-өчүрүүчү күжүрмөн эсепке тажрыйбалуу айдоочунун жардамы ат көтөргүс.

Тилсиз жоо чыккан даректи так билүүсү, өзгөчө унааларды күжүрмөн даярдыкта кармоосу, шаймандарды сактоосу улук айдоочунун милдети экенин айтып берген Эркин Токтосунов ӨКМ жетекчилигинин аракети менен келген заманбап унаалардын өзгөчөлүгүн сүрөттөп, ыраазы болду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу