Жаңылыктар

12.12.2023 10:03

   Кароолор: 360

БАЛЫКТАРДАН КОЛУҢДУ ТАРТ , БАЛЫКЧЫ!

Өткөн аптада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын чыгармачыл тобу суучулдар Айдар Жумагулов, Искендер Рысалинов менен Ысык-Көлдүн Түп, Николаев булуңдарына түнкү рейдге чыгышты. Анткени бул булуңдар "балыктардын төрөтканасы" деп аталат. Аты айтып тургандай, булуңдагы жээктерге жана тоо суусуна күз-кыш айларында балыктар икра чачышат.

Көл абдан суук экенине, муздак сууда колдун тоңгонуна карабай, балык кармоочу торлорду тазалоону улантып, ага түшкөн жүздөгөн балыктарды көлгө коё бердик. Бул күнү чыгармачыл топ 2 саатта эле 500 метр тор тазалашты.

Көргөн көзүңө ишенбейсиң, торго түшкөн кээ бир балыктар чукул кыймыл-аракеттен уругун чача баштаган. Бул балыктардын оор абалынын бир гана чети. Ыңгайлуу жерге чачылбаган икралардын жашап кетүүсү да арсар. Мындай жүрөк ооруткан, адам ыйлай турган кырдаалга суучулдар күн сайын кабылышат. Анткени алар жаз башталганы көлдүн акваториясын тазалашса, учурда балыктардын көбөйүшүнө жол ачып келишет.

Нөөмөттөгү суучулдар менен баарлашканыбызда түнкү рейдге чыгардан мурда эле көлгө салынган торлорду тазалашканын айтып беришти. Алардын айтымында, күн сайын 4-5 жолу көл үстүн тазалашат. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун балыктарды кармоого салган мораторийинен улам экологиялык милиция кызматкерлери менен браконьерлерге күндүр -түндүр тикесинен тик турушкан.

Антпесе көлдүн балыктары тукум курут болчудай. Ансыз да көлдүн өзүнүн балыктары көрүнбөй калганын аксакалдарыбыз кай

Талап келишет. Ооба, күндөн-күнгө азайып бараткан балыктардын көбөйүүсүнө, алардын экочөйрөсүн жакшыртуусуна мораторий эң сонун жол ачкандай.

“Өлкө башчыбыз балык кармоого тыюу салган менен балык уулагандардын аягы эми гана суюлгансыды. Күздүн акыркы айларында биринин артынан бирин тазалап, тынымсыз тор жыйнадык. Эң өкүнүчтүүсү — синтетикалык торго түшкөн балыктар туйлаган сайын, канаттары сынып, денеси кыйылып, айрымдары ыңгайлуу жерге жетпей уруктарын чачып же өлүп тынышат. Айрым учурда балыктар эле эмес, торго канаттуулар да түшүп калат", - деген суучулдар балык уулоочулар менен күрөш катуу жүргөнүн айтып беришти.

Искендер Рысалиновдун айтымында, жээктеги балыкчылар таш менен уруп, "рогатка" менен атып, ар кандай каршылык көрсөтүүгө чейин барышкан. Мындай каршылыктарга карабай көлдөн чыккан торлорду жээкке алып чыгып кайчылап же күйгүзүп, жараксыз кылышат. Антпесе, балыкчылар кайра колдонуудан баш тартчудай эмес.

Көлдүн экочөйрөсүн жакшыртууга каршы чыккан браконьерлер да ошол элдин, ошол жердин уулу, эң башкысы кыргыз жараны. Бирок, алар убактылуу акчанын кулу болгонун унутушпаса дейм. Анткени эртеңки келечек алыс эмес. Урпактарга сурак берүү алдыда .

Дегеним, "Ата, эмнеге көлдүн балыктарын тонналап кармадың? Эмне үчүн жаратылышка кол салдың", - деген балдарынын, неберелеринин, урпактарынын келечектеги суроолоруна жооп бере алабы?! Кеп мына ушунда…

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу