Жаңылыктар
25.07.2025 11:37
Кароолор: 555
БАЛЫКЧЫ−КАЗАРМАН–ЖАЛАЛ-АБАД УНАА ЖОЛУНА ТҮШКӨН ШАГЫЛ ТАШТАРДЫ ТАЗАЛОО УЛАНУУДА
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда кечээ, 24-июль күнү саат 12:20 чамасында Балыкчы−Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун Арал–Казарман тилкесине 70000-80000 метр куб кум шагыл аралаш таштар түшүп, унаа жол убактылуу жабылган.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администирация башчысы-акимдин орун басары жетектеген Жарандык коргонуу комиссиясы, №46 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ, №18 жол тейлөө ишканасынан 5 кызматкер, 2 самосвал, 2 жүктөгүч, 1 грейдер, ИИМден 2 экипаж тартылып, натыйжада 5000 метр куб кум шагыл тазаланган.
Ал эми унаа жолдун 296-чакырымнда жана Сузак районунун Жоон-Күнгөй айылдарында постор уюштурулган.
Бүгүн унаа жолду тазалоо иштерине №18 жол тейлөө ишканасынан 1 автожүктөгүч, 1 автогрейдер, 2 самосвал, 1 экскаватор жана 6 жумушчу тартылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР