Жаңылыктар

30.12.2024 17:11

   Кароолор: 142

БАЛЫКЧЫДА ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 2 БӨЛҮМ ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, 30-декабрь күнү саат 12:07де Бадыкчы шаарынын Калдыбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 12:08де Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн N19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылып, ага кошумча саат 12:25те дагы 1 бөлүм тартылган.

Куткаруучулардын ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында саат 12:51де өрт чектөөгө алынып, саат 13:16да толугу менен өчүрүлдү.

Өрт кырсыгынын кесепетинен жалпы 60 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 20 жана 9 чарчы метрди түзгөн 2 бөлмө күйгөн. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу