Жаңылыктар
08.01.2024 17:18
Кароолор: 693
БАЛЫКЧЫДА СУУГА ТҮШҮП КЕТКЕН ӨСПҮРҮМДӨР ЧЫГАРЫЛДЫ
Бүгүн, 8-январда саат 15:29да Балыкчы шаардык №19 ӨКБнын нөөмөт бөлүмүнө Озерная кѳчѳсүндөгү 8-кѳлмѳсүндѳ 2 бала муз тээп жатып, сууга түшүп кеткендигин милиция кызматкери билдирген.
Бул жолу ИИМ кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте куткаруу иштери аткарылды.
Тактап айтканда, жерине ыкчам түрдө 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен тартылган. Куткаруучулар чала тоңгон көлмөнүн музун жирей сүзүп, өз жаны үчүн күрөшүп жаткан балдардын бирин чыгарып, ага медициналык алгачкы жардам көрсөтүп баланын өмүрүн сактап калышкан.
Ал эми анын жанындагы баланы милиция кызматкерлери менен биргеликте куткаруучу шаймандары менен куткарып, өспүрүмдөрдү "Тез жардам"кызматына өткөрүп беришкен. Учурда балдардын абалы жакшы, бейтапканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР