Жаңылыктар
04.04.2024 12:40
Кароолор: 710
БАЛЫКЧЫДА КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ
Кечээ ӨКМдин Балыкчы шаары боюнча ӨКБнын офицердик курамы 2024-жылдын 2-мартында Балыкчы шаарынын Социалдык фондунун ошондой эле Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин мугалимдерине өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүштү.
Адамдар көп чогулуучу мекемелердин кызматкерлерине өрт кырсыктарында өзүн-өзү алып жүрүү, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу менен өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, алдын алуу боюнча нускамалоо иштери өттү.
Мындай иш-чаралар өрт кырсыктарынын санын азайтуу максатында жүрүп, адамдар көп чогулуучу жана газ баллондорун колдонуучу мекемелерде күчөтүлгөн тартипте жүрмөкчү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР