Жаңылыктар
26.03.2024 17:15
Кароолор: 383
БАЛЫКЧЫДА KICB БАНКЫНЫН ИМАРАТЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 26-март күнү ӨКМдин Балыкчы шаары боюнча ӨКБнын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгын жана кесиптик билимин жогорулатуу максатында KICB банкынын имаратында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуу 2024-жылдын планынын негизинде жүргүзүлүп, куткаруучулар жабыркагандарды имараттан алып чыгуу жана жабык бөлмөнүн ичинде өрт менен күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгышты.
Ошондой эле аталган банктын кызматчыларына өрт коопсуздугу, эвакуациялоо жолдору жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардар учурундагы иш аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР