Жаңылыктар
27.05.2024 11:49
Кароолор: 466
БАЛЫКЧЫДА КАТУУ ШАМАЛ КӨП КАБАТТУУ ҮЙДҮН ЖЫЛУУЛАТКЫЧ ТЕМИРЛЕРИН УЧУРУП КЕТТИ
26-май күнү Балыкчы шаарында ылдамдыгы 24-28метр секундасына чейин жеткен шамалдын кесепетинен Соң-Көл көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сырткы калайын учуруп кеткен.
Жерине Балыкчы шаардык N19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ тартылып тактоо иштерин жүргүзүп, учурган калайды коопсуз жайга жылдырып беришкен.
Ошондой эле катуу шамалдан Жети-Ɵгүз районунун Жети-Ɵгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатыры толугу менен ордунан 1 метр аралыка жылып кеткен.Жерине тактоо иштерине Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Жабыркагандар жок
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР