Жаңылыктар

23.01.2025 11:50

   Кароолор: 465

БАЛЫКЧЫДА КАТУУ ШАМАЛ КАТТАЛЫП, ЭКИ ЖАРАН ЖАБЫРКАДЫ

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бүгүн, 23-январда алдын ала маалымат боюнча саат 06:22 чамасында батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды.

Андан улам Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырып, натыйжада 2 жаран (1992-жылы туулган Ш. кызы Ж. аттуу 1 аял жана 2023-жылы туулган М.Т. аттуу кичине бала) жабыркаган. Абалдары туруктуу, учурда дарыгерлердин кароосунан өтүп жатышат.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан ыкчам топ тартылды жана учурда шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу