Жаңылыктар
02.03.2024 12:48
Кароолор: 308
БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН ЖАЗА АТКАРУУ БӨЛҮМҮНДӨ ӨРТ - ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 28-февраль күнү Балыкчы шаары боюнча ӨКБнын кызматкерлери тарабынан Юстиция министрлигинин Балыкчы шаарындагы Жаза аткаруу бөлүмүндө өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун жүрүшүндө тилсиз жоо катталган жерге ӨКМдин №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт тез арада чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлгөн. Ошондой эле куткаруучулар жаза аткаруу мекемесинин шартында өрт өчүрүү иштерин жүргүзүү боюнча көнүгүүлөрдү аткарышты.
Ал эми өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн офицерлери тарабынан жаза аткаруу бөлүмүнүн өздүк курамына өрт пайда болгон учурда, кандай иш аракет кылуу керектиги жана алгачкы өрт өчүрүүчү каржаттарын туура колдонуу боюнча сабак өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР