Жаңылыктар

25.03.2025 20:17

   Кароолор: 215

БАЛЫКЧЫ - КАЗАРМАН - ЖАЛАЛ-АБАД УНАА ЖОЛУ СЕЛДЕН ТАЗАЛАНЫП, ТОЛУК АЧЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад альтернативдик унаа жолу толук тазаланып, эки тараптуу ачылды.

25-мартка караган түнү жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар аталган унаа жолдун 360-чакырымында көлөмү болжол менен 15-20 метр куб жана 370-чакырымында болжолдуу 250-300 метр куб кум шагылга толуп, каттам эки тараптуу жабылган.

Жерине КР ӨКМдин Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен 1 кызматкер, жарандык коргонуу комиссиясы жана China Road ишканасынан 2 жүктөгүч, 1 экскаватор, 2 самосвал, 1 трал тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу