Жаңылыктар

28.10.2024 14:25

   Кароолор: 791

БАЛЫКЧЫ-КАЗАРМАН-ЖАЛАЛ-АБАД АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУНУН 346-348 - ЧАКЫРЫМЫНДА КАР КӨЧКҮ ТҮШТҮ

Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун болжол менен 346-348-чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгү жана туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылган. Тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу