Жаңылыктар
09.07.2025 11:50
Кароолор: 147
БАЛЫКЧЫ — БӨКӨНБАЕВ — КАРАКОЛ УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун алдын ала маалымат боюнча, болжол менен саат 10:30да чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго убактылуу каттам үчүн салынган темир бетон шакекчелерди жууп кеткен. Жол каттамы убактылуу жабык.
Жерине Тоң райондук №38 ӨКБдан ыкчам топ жана "Арек-Строй" жол куруучу компаниясынын техникалары тартылган. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР