Жаңылыктар
09.07.2025 14:00
Кароолор: 168
БАЛЫКЧЫ — БӨКӨНБАЕВ — КАРАКОЛ УНАА ЖОЛУ ЭКИ ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ
Айланма жол толугу менен калыбына келтирилип, саат 12:45те унаа жол эки тараптуу ачылды.
"Арек строй" фирмасынан 3 жүктөгүч, 3 Хово жана 1 экскаватор тартылган.
Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болжол менен саат 10:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго салынган темир бетон шакекчелерди жууп кетип жол каттамы убактылуу жабылган болчу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР