Жаңылыктар

09.07.2025 12:41

   Кароолор: 38

БАЛЫКЧЫ — БӨКӨНБАЕВ — КАРАКОЛ УНАА ЖОЛУ БИР ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ

"Арек строй" фирмасынан 3 жүктөгүч, 3 Хово жана 1 экскаватор тартылып, айланма жол калыбына келтирилип, бир тараптуу жол каттамы ачылды. Унаалар кезеги мн өтүүдө. Жеринде унаа жолду кеңейтүү иштери уланууда.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болжол менен саат 10:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго салынган темир бетон шакекчелерди жууп кетип жол каттамы убактылуу жабылган болчу.

Кошумча маалымат берилет

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу