Жаңылыктар
06.06.2026 02:31
Кароолор: 16
БАЛЫКЧЫ — АНАНЬЕВО — КАРАКОЛ УНАА ЖОЛУ АЧЫЛДЫ
Тартылган атайын техникалардын жардамы менен саат 00:52де Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымындагы, сел агымынын кесепетинен жабылып калган тилке тазаланды.
Учурда жолдогу кыймыл толугу менен калыбына келтирилип, эки багытта тең ачылды.
Унаа каражаттарынын коопсуз жүрүшүн камсыздоо максатында жолду кеңейтүү жана толук тазалоо иштери улантылууда.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ