Жаңылыктар
26.05.2025 09:11
Кароолор: 189
БАЛЫК УУЛООГО ЧЫГЫП ДАЙЫНСЫЗ БОЛУП АТКАН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ УЛАНТЫЛУУДА
Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясынан изделип жаткан 28 жаштагы жаранды издөөнү улантууга бүгүн, 26-май күнү саат 06:40та Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу, 1 дрон тартылды.
Кошумча Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу 1 дрону менен чыкты.
Эске салсак, 2025-жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери издөө иши уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР