Жаңылыктар

05.08.2024 11:19

   Кароолор: 510

БАЛДАРДЫН ТЕРЕЗЕДЕН КУЛАП КЕТҮҮСҮНӨН САКТАҢЫЗ!

Урматтуу ата-энелер, балаңыздын терезеден кулап кетүүсүнөн сак болуп, алдын алуудагы жөнөкөй эрежелерди сактаңыз!

🔺 терезеге талапка ылайык келген темир торду орнотуу. Терезе менен тордун ортосунда 10 см аралык сакталып, баланын башы батпай тургандай болушу шарт жана өрт кырсыгы катталган учурда оңой ачылуусун камсыздаңыз;

🔺 балдар үй ичинен терезени оңой ачып албашы үчүн атайылап бекемдөө;

🔺 балдар үйдө болгон учурда эч качан терезени ачык калтырбоо;

🔺 эмеректерди терезеден алыс жайгаштыруу;

🔺 балдарга чоңдорсуз балконго чыкпоону түшүндүрүү;

🔺 терезенин үй ичинен ачыларын жана темир торду ачса болорун көрсөтпөө жана үйрөтпөө;

🔺 балдарга ар дайым коопсуздук чараларын үйрөтүү жана түшүндүрүү;

🔺 эч качан баланы уктап жаткан маалда жалгыз калтырбоо, анткени ойгонгондо терезеден чыгууга аракет кылышы мүмкүн;

🔺 баланы эч качан терезе текчеге (подоконник) отургузбаңыз, ар дайым колунан кармаңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу