Жаңылыктар

25.10.2025 14:44

   Кароолор: 592

БАЛДАР СИЛЕР БИЛЕСИҢЕРБИ, КЫРСЫК БОЛГОНДО КИМГЕ БИЛДИРЕБИЗ?..

ӨКМдин "112" кызматын эске тут! Эстеп калууга да өтө ыңгайлуу сандар. Бул кызмат күнү-түнү кабыл алат. Анан калса акысыз чала аласың.

Эгерде үйдө бөбөктөрүң менен калганда өрт чыкса, эшигиң бекилип калса, балдар менен ойноп жүргөндө, тоого эс алууга чыкканда жана башка кырсыкка күбө болсоң өзүңдү карма.

Коркпо, тек гана "112" кыска номерин уюлдук же үй телефонунан терип, болуп жаткан окуяны, коркунучту сүрөттөп, дарегиңди так айтканга аракет кыл.

Ал эми тынч учурда бул кызматтын тынчын алып, ойноп чала берүүгө да болбойт. Анткени "112" кызматына ойноп чалып жатканыңда кимдир бирөө чындап жардамга муктаж болушу мүмкүн! Андыктан телефон чалып ойноого болбойт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

https://www.facebook.com/share/v/19o9WbVLwS/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу