Жаңылыктар

30.05.2025 12:20

   Кароолор: 98

БАЛА ЖЫЛМАЙСА ААЛАМ ЖЫЛМАЯТ!

Балдар – жердин жандуу гүлдөрү!

Балдар - үй-бүлөнүн жарык нуру, жашообуздун маңызы, келечек ээлери. Ар бир бала ата-эненин мээримине, сүйүүсүнө бөлөнүп, балалыктын бактылуу доорун сүрүп, татыктуу жашоодо чоңойууга укуктуу.

Бүгүн, 30-июнда Чүй облусундагы “Максат” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун калыбына келтүрүүчү борборунда балдар үчүн "1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

Майрамдык иш-чарага ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борборунун кызматкерлери катышып, Окуу-методикалык башкармалыгынын башчысы, полковник Рыскелдиев Алмаз Шаршеевич балдарды майрамы менен куттуктап, ден соолук, бактылуу балалык каалады.

Балдар реабилитациялык борборуна Окуу-изилдөө борбору тарабынан балдардын билимин өркүндөтүүчү түрлүү оюнчуктар белекке берилди. Иш-чаранын соңунда балдарга балмуздактар жана суусундуктар берилип жылуу маанай тартууланды.

Белгилей кетсек, аталган реабилитациялык борборуна жыл сайын ушундай жардам көрсөтүлүп, ар бир майрамдарда ӨКМдмн борбору белектерди тапшырып келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу