Жаңылыктар

23.04.2024 16:33

   Кароолор: 99

БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУН ТҮШҮНДҮРҮШТҮ

Бүгүн, 23-апрель ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу бөлүмүнүн офицерлери тарабынан Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда, жергиликтүү бала бакчалардын жетекчилерине өрт коопсуздугу боюнча атайы сабак өткөрүлдү.

Иш-чара өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп, жалпы 16 бала бакчалардын директорлору катышты.

Сабактын катышуучуларына мекемелердеги өрт коопсуздугу, эвакуациялоонун тартиби жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу