Жаңылыктар
22.01.2025 10:39
Кароолор: 588
БАКУДАГЫ COP-29га КАТЫШУУГА КӨМӨКТӨШКӨН ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында кечээ, 21-январда Азербайжандын Баку шаарында Климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун Алкактык Конвенциясынын 29-конференциясына катышууга көмөк көрсөткөн кызматкерлер жана КР ӨКМ менен кызматташуу жаатында тыгыз иш алып барган уюмдардын өкүлдөрү сыйланды.
Министрликтин Ыраазычылык каты NOVENTIQ жана ApexLab жоопкерчилиги чектелген коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана ӨКМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлерине ыйгарылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР