Жаңылыктар

13.11.2024 13:58

   Кароолор: 1286

БАКУДА БООБЕК АЖИКЕЕВ ТОКОЙ ЭКОСИСТЕМАЛАРЫН САКТОО БОЮНЧА МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРДИ КӨТӨРДҮ

Баку шаарында 12-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын (КӨАК) 29-конференциясынын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери тууралуу конструктивдүү сүлөшүүлөрү болду.

Анда айттырбай келген кырсыктарга даярдыктарды жакшыртууга байланышкан негизги аспектилерди талкуулашып, тажрыйба алмашуу, ошондой эле климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту жогорулатуу жана кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган биргелешкен долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашышты.

Муну менен катар тараптар “Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” жана “Кыргыз Республикасында жер көчкү кооптуулугунун тобокелдиктерин азайтуу” долбоорлору алкагындагы жетишилген кызматташтыкты белгилешти.

Генерал-майор Бообек Ажикеев Азия Өнүктүрүү Банкына көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык билдирип, бул долбоорлор өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана кесепеттерин жоюу системасын бир топ бекемдегенине токтолду.

Жолугушууда Кыргызстандын уникалдуу токой экосистемасын сактоо, анын ичинде Арстанбап жаңгак токою боюнча маселелер негизги темалардын бири болду. Генерал-майор Бообек Ажикеев бул токойлордун кыйылышынан сактоону жана климаттын өзгөрүү шартында аларды коргоп калуу боюнча жаңы долбоорлорду сунуштады.

Өз кезегинде Азия Өнүктүрүү Банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков токой экосистемасын сактоого багытталган программаларды жана долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн караштырууга жана консультациялык жардамын берүүгө даяр экенин билдирди.

Дагы бир маанилүү маселе Чу жана Кара-Дарыянын айыл-чарба, инженердик жана жашоо-тиричилик объектилерин суу жеп кетүүсүнөн коргоо болду.

Азия Өнүктүрүү Банкынын жетекчилиги Чүй жана Ош облустарында суу жээктерин бекемдөө иштерин каржылоо боюнча демилгелерди колдоого даяр экенин белгилеп өттү.

Тараптар “Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун биринчи этабы аяктап калгандыгына байланыштуу суу ресурстары жана табигый кырсыктарга байланышкан тобокелдиктерди башкаруу жана эртелеп алдын алуу системаларын өркүндөтүү боюнча алдыдагы кызматташтыктын экинчи фазасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Министр Бообек Ажикеев кырсыктардын тобокелдигин эффективдүү башкаруу жана калкты коргоо үчүн эл аралык колдоолорду интеграциялоонун маанисин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кырсыктардын тобокелдигин башкарууга жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга, жаратылыш алааматтарына туруктуулукту жогорулатууга, ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин механизациялоого багытталган биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу боюнча келечектеги кызматташтыкты чыңдоону макулдашышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу