Жаңылыктар

13.11.2024 18:41

   Кароолор: 728

БАКУДА БООБЕК АЖИКЕЕВ МЕНЕН ЖИН СУН ПИЛ ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУН ТАЛКУУЛАШТЫ

Бүгүн, 13-ноябрда COP-29 жыйынынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Азия токой кызматташтык уюмунун аткаруучу директорунун орун басары Жин Сун Пил менен жолугушуу өткөрүп, анда өлкөдөгү токой отургузуу, өстүрүү жана экологиялык көйгөйлөрү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр жердин деградацияланышын жана ага байланыштуу сел, жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктарды эске алуу менен токой аянттарын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бак-дарактарды отургузуунун методикасын өркүндөтүү жана өзгөчө кызыл чополуу жерлерге ылайыктуу бак-дарактарды тандоо зарылдыгын баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле экосистемалардын туруктуулугун жогорулатууга жана калктуу конуштарды табигый кырсыктардын терс кесепеттеринен коргоого мүмкүндүк берген салттуу бетон чептеринин ордуна токой бак-дарактарын отургузуу менен дарыя жээктерин бекемдөө боюнча пилоттук долбоорун талкуулашты.

Өз кезегинде AФOKO өкүлдөрү Кореядагы токойлорду калыбына келтирүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү, анда ылайыктуу дарак түрлөрүн тандоо үчүн топуракты изилдөө колдонулган. Алар кооптуу аймактарды изилдөө жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн Кыргызстанга эксперттик топту жөнөтүүнү сунушташты.

Жолугушуунун катышуучулары мындан аркы кызматташуу жана токой чарбасын туруктуу өнүктүрүү үчүн кореялык технологияларды колдонуу маселелерин да талкуулашты. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылууга жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жардам бере турган ири парктарды түзүү пландары айтылды.

Министр токой өстүрүү үчүн инфраструктураны жана заманбап техниканы өнүктүрүүгө, үрөндөрдү кайра иштетүү боюнча жергиликтүү лабораторияны түзүүгө жана токойлордун абалына жана өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн жаңы системаларын ишке киргизүүгө колдоо көрсөтөрүнө ишеним артты.

Жолугушуу токой чарбасы жана экология тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Кыргызстандагы экологиялык кырсыктарды алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга маанилүү кадам болду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу