Жаңылыктар
19.03.2025 22:56
Кароолор: 722
БАКАЙ-АТАДА ТОКОЙДО ЧЫККАН ИРИ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында бүгүн, 19-мартта токойдо чыккан өрт саат 22:52де толук өчүрүлдү. Болжол менен 5-6 гектар аянт күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда.
Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, 2 күжүрмөн эсеп ыкчам чараларын көрүштү.
Ошондой эле Бакай-Ата айыл аймагынан 3 кызматкер, 1 экскаватор, КР ИИМден 5 милиция жана жергиликтүү тургундардан 8 адам тартылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР