Жаңылыктар
20.05.2025 11:53
Кароолор: 161
БАКАЙ-АТА РАЙОНУНУН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык кечээ, 19-майда Бакай-Ата районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы текшерилди.
Ага ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги, ошондой эле айыл аймак башчылары катышты.
Алгач райондук мамлекеттик администрацияда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, болтурбоо жана кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам аракеттерди көрүү маселелерин талкуулаган жыйын өткөрүлдү.
Анын алкагында табигый кырсыктардан, сел, суу каптоо сыяктуу табигый кубулуштардан коргонуу, алана-чөйрөгө жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келген коркунучтардан сактануу чараларын күчөтүү, майда арык-каналдарды, аң-чөнөктөрдү убагында тазалоо керектиги айтылды.
Ошондой эле ӨКМ кызматкерлери Бакай-Ата районунун Бакай-Ата, Күмүштак, Акназаров, жана Биримдик айыл өкмөттөрүнө барып, жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштүү.
Белгилей кетсек, табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР